Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Япониянын төмөнкү палатасы казинолорду ачууну жактырды

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
369
Шейшемби күнү Япониянын парламентинин Өкүлдөр палатасы казинолорду легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды жана аны Жогорку палатанын кароосуна жөнөттү, деп жазат Japan Today.
Өлкөдө кумар оюндарын мыйзамдаштырууга Премьер-министр Синдзо Абэ өзү киришип жатат. Ал жетектеген Япониянын либералдык-демократиялык партиясы парламенттин эки палатасын тең көзөмөлдөп тургандыктан парламент келерки жуманын аягына чейин мыйзамды кабыл алат деп күтүшүүдө.
Япониянын премьеринин ою боюнча кумар оюндары бизнесин ачыкка чыгаруу туристтерди тартат жана экономиканын өсүшүнө жаңы түрткү болуп калат. Ошондой эле Япония Азиядагы кумар оюндары индустриясынын борбору болуп саналган Макаого атаандаштыкты түзө алат деп эсептешүүдө. Мунун акчалай жүгүртүүсү жылына 30 млрд долларды түзөөрүн да эсептеп чыгышкан.
А буга парламенттик оппозиция каршы чыгууда.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.