Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Японияда улгайган жарандар балдардын санынан көп

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
479
Маалыматтарга караганда Япониянын калкынын саны биринчи жолу 1920-жылдан тарта төмөндөй баштаган. Учурда  75 жаштан ашкан япондордун саны өлкөдөгү 15 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн санынан биринчи жолу көп болуп кетти. Мындай маалыматты РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, мындай жыйынтык  Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлиги тарабынан эл каттоо жүргүзүлүп чыгарылган.  Анда  өлкөнүн калкынын саны 127,9 миллион адамды түзөрү, анын ичинен 61,8 миллиону эркек жана 65,2 миллиону аял экендиги айтылат.  Жалпы калк санынын ичинен 65 жаштан жогору жаштагы япондуктар 26,6%, 75 жаштан жогору жарандар 12,8% жана 15 жашка чейинки балдар болсо 12,6 пайызды түзгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.