Курс НБ на 18.12.2018 $69,8317 €79,3952

Владимир Путин Хабиб Нурмагомедовду кабыл алды

Дүйнө
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
56
Владимир Путин Хабиб Нурмагомедов менен жолугуп, анын жеңишине баа берип, куттуктады. Бул боюнча Р-Спорт кабарлаган. “Беттештин жүрүшүнө көз салып, сизге жан тартып турдук. Атаңызды сизди катуу жазалабаңыз деп суранам, анткени башкысы тапшырманы аткарып, жеңишке ишенимдүү жана татыктуу жеттиңиз. Баарыбыз чоң үй –бүлөбүз. Чектен ашкан болбойт, бирок ошого жеткирсе сиз эле эмес биз деле секирип кетишибиз мүмкүн. Андан көрө буга жеткирбесин” – деди Путин өз сөзүндө. Өлкө башчы менен болгон маегинде Нурмагомедов чагымчылдык тууралуу айтып берген. Хабибдин билдиришинче, ал өзүн болушунча карманып турган, бирок айрым учурда өзүн көзөмөлдөй албай калып жатканын айтып, ал тургай беттеш жүрүп жаткан мезгилде да чагымчылдык уланганын билдирди. Сот биз тарапка туура чечим чыгарат деген үмүттө экенин жашырган жок. Владмир Путин провокация атайын спортчуну өзүнөн чыгаруу үчүн жасалганын айтып, Россия анын баарын түшүнүп турганын баса белгиледи. Өлкө башчы кырдаал оңунан чечилерин айтты.
Хабибдин Instagramбаракчасына катталгандардын саны мурункудан да эки эсе өсүп, 12 млн го жеткен.
Эркинтоо пресс


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу