Курс НБ на 16.10.2019 $69,8500 €77,0865

​Вьетнамда бир күндө сегиз өлүм жазасына өкүм чыгарылды

Дүйнө
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
18
Хошимин шаарынын соту 7-октябрда көп убакыт бою Лаос аркылуу Вьетнамга баңгизат, анын ичинде героин ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн – жети эркекти жана бир аялды өлүм жазасына тартууга өкүм чыгаргандыгын РИА Новости маалымдады. Кылмыштуу топ өткөн жылдын июль айында кармалган.
Вьетнамдын мыйзамдары боюнча 600 граммдан ашык героин же 2,5 килограммдан ашык амфетамин менен кармалгандар өлүм жазасына тартылышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу