Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

Венгриянын өкмөтү иммигранттарды жүк ташуучу контейнерлерге жайгаштырат

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
318
Венгриянын бийликтери иммигранттарды алардын баш калкалоо берүү жөнүндөгү кайрылуулары каралып жаткан мезгилде чек ара аймактарындагы лагерлерде жүк ташуучу контейнерлерге жайгаштырууну пландаштырууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министринин департаментинин өкүлүнө шилтеме жасоо менен АР агентствосу билдирди.
Мындан тышкары, жаңы эреже боюнча Венгрияда тийиштүү документтери жок кармалган иммигранттардын кимиси болбосун өлкөдөн чыгарылып жиберилет.
Ошол эле учурда Венгриянын Хельсинк тобу баш калкалоо алууга талапкер болушкан адамдарды  мыйзамсыз түрдө камакка алуунун  ар бир учуру боюнча иш-аракеттерди Европалык сотко берүүгө убада кылды, мындай болгондо мамлекетке компенсация төлөөгө туура келет.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.