Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Венесуела Колумбия менен чек арасын жапты

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
296
Венесуеланын президенти Николас Мадуро Колумбия менен чек араны 72 саатка жабууга буйрук берди жана бул убакыт валютанын контрабандасы менен күрөшүүгө багытталат, деп билдирди  Associated Press агентствосу.
Мадуронун айтымында, эки өлкөнүн чек арасында аракеттенген мафия экономикага зор зыян келтирүүдө. Ал чек араны жабуу валютаны топтоп алышкан  кылмыштык топтор менен күрөшүүгө жардам берет деп эсептейт.
Азыркы күндө Колумбия менен чек арада өз жарандары үчүн Венесуеланын өкмөтү тарабынан элге жардам иретинде субсидияланып  жаткан бензин, дизелдик отун жана башка товарлар сатылууда. Ушундан улам Венесуела өкмөтү өткөн жылдын августунда да Колумбия менен чек араны жапкан болчу. Анда колумбиялыктар бизге  эскертүүсүз жасашты деп нааразы болушкан эле.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.