Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Усманов кудасына жардамга келдиби?

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
393
Орусиянын жердиги өзбекстандык олигархы Алишер Усманов акыркы айларда Өзбекстанга ат терин кургатпай каттап жаткандыгы айтылууда.
 Күбөлөр анын “Бурхан” деп аталган жеке менчик самолетун Ташкенттин аэропортунан көп көрө башташкан. Акыркы жолу ал өзүнүн жеке ашпозчусунун кызын турмушка узатууга катышуу максатында келген. Үстөл үстү ийилген үйлөнүү тоюна ал ашпозчунун кадыры деп Алла Пугачева, Сосо Павлиашвили сыяктуу орусиялык эстрада жылдыздарын чакырып берген.
Бирок, Алишер Усманов Ташкентке башка максаттар менен да келүүгө мажбур болушу мүмкүн дешет билермандар. Анткени, учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев менен анын туугандык жакындыгы, тагыраак айтканда кудалык жайы бар.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.