Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөн имам жоопко тартылды

Дүйнө
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
292
Өзбекстандын Наманган облусунун Чодак айылындагы мечиттин имамы Ахмаджон Эшматов уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөндүгү үчүн административдик жоопко тартылды. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.  Маалыматка караганда,  имам санаторийде эс алып жаткан адамдардын арасында шарияттын мыйзамдары тууралуу уруксатсыз үгүт иштерин жүргүзгөн. Ага карата  административдик укук бузуу тууралуу кодекстин “Дин эрежелерин үйрөтүү тартиптерин бузуу”  беренесинин негизинде күнөө коюлуп, сот тарабынан минималдуу 10 маяна өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирилди.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.