Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Улуубританиянын бардык атомдук субмариналары иштен чыкты

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
341
Улуубританиянын королдук аскер-деңиз флотунун суу алдында сүзүүчү кайыктары иштен чыгып, аны премьер-министр Тереза Мэйден жашырып жатышкандыгын британдык  The San газетасы жазып чыкты.
“Томагавк” канаттуу ракеталары менен жабдылган бардык жети атомдук субмарина иштен чыккан абалда турат. Басылма белгилегендей, үч  жаңы суу алдында сүзүүчү Astute кайыктары да проблемаларга туштугуп олтурат. Trafalgar тибиндеги төрт субмарина  жакын арада ремонтко жөнөтүлөт. Ошентип, соңку он жылдан бери биринчи жолу Улуубританияда  бир дагы иштеп жаткан көп багыттуу суу алдында сүзүүчү кайык жок болгон жагдай түзүлдү.
Ошол эле учурда коргоо министрлигинин жетекчилиги түзүлгөн бул кырдаалды өлкөнүн премьер-министрине айтпай,  жашыруун кармап келишет. Мэй кандай кабыл алаарынан коркуп турушат. “Эч ким бул тууралуу чындыкты айтууга батынбай турат”, - деген өкмөттөгү булактын айтканын басылма шилтеме катары келтирген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.