Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

​Улуу Британия 300 жылдан берки ири кризиске учурады

Дүйнө
26 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
37
2020-жылы Улуу Британиянын ички дүң өнүмү акыркы 300 жыл аралыгындагы ири төмөндөөгө дуушар болду деп билдирди өлкөнүн финансы министри Риши Сунак.
Айтымында быйыл экономика 11,3 %га кыскарды – бул 300 жылдан ашык мезгил аралыгындагы эң чоң төмөндөө. Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү жумшартууга жараша экономика келерки жылы калыбына келүүсүн баштайт жана 5,5 пайызга чейин өсүүсү күтүлөт. 2022-жылы – 6,6%га, андан кийинки жылдары - 2,3%, 1,7% жана 1,8%га өсүштөр болоору болжолдонууда.
Коронавирус пандемиясыннын экономикалык кесепеттерине байланыштуу Улуу Британия сырттан карыз алууларды көбөйтүүгө мажбур болду. 2020-жылы тышкы карыздардын көлөмү жалпы жонунан £394 миллиардды же ИДПнын 19%ын түздү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу