Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Улгайган адамдар ырахаттангыла!

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
490
Картайганда ырахат алып жашоо өмүрдү узартат экен. Бул тууралуу BMJ журналына шилтеме кылып РИА Новости билдирди, деп жазды  sputnik.kg.
"Биз мунун себебин так айта албайбыз. Бирок чыккан жыйынтыктар адам канчалык өзүн жакшы сезсе, ошончолук өмүрү узун болору далилденди. Ошого ылайык, жогору же төмөн деңгээлдеги бакыт жашоонун узактыгына кыйла таасир этери ачыкка чыкты", — деп түшүндүргөн  Лондон университетинин колледжинен Эндрю Стэпто. 2002-жылы эксперименттин башталышында катышуучулардын эң кичүүсү 50 жашта болгон.  Бул убакыттын ичинде эксперименттин катышуучуларынын ичинен 1,3 миң адам каза болгон. Алардын дээрлик баары жашоосуна нааразы адамдар болгон.  

Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.