Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

Украинанын Жогорку радасы Савченкону ПАСЕ делегациясынан чыгарды

Дүйнө
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
365
Украинанын Жогорку радасы депутат Надежда Савченкону Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясындагы (ПАСЕ) украиналык делегациянын курамынан чыгарды. Бул чечимди керектүү эң төмөнкү 226 добуштун ордуна 237 парламентарий колдоп берди.
Бул маселени ар түрдүү саясий көз караштардагы депутаттар көтөрүшкөн.Фракциядан тышкаркы депутат Виталий Куприй “Савченко Украинаны уят кылууда жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүдө”, - деп ага карата мындай кадам жасоонун зарылдыгын белгилеген.
Ошол эле учурда токтомдо аны ПАСЕнин делегациясынын курамынан чыгаруунун формалдуу себеби айтылган. Алсак, документке ылайык Савченко аны РФдан түрмөдөн бошотуу үчүн гана шайланган, ошондо депутаттар фракциялардан делегаттарды курамын түзүү боюнча квоталык принципти бузууга аргасыз болушкан.
Буга чейин украиналык парламенттеги “Батькивщина” фракциясы Савченкону өзүнүн курамынан чыгарган болчу.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.