Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Украинада маркум Каримовдун жубайынын жээни кармалды

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
361
Киев шаардык сотунун чечимине ылайык, Өзбекстандын аймагында жасаган көп миллиондогон суммадагы алдамчылыктары үчүн 33 жаштагы Акбарали Абдуллаев полиция тарабынан камакка алынды.
Ал маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримованын жээни болуп саналат. Абдуллаев 2014-жылы да “Кувасай мафиясы” деп аталган экономикалык оор кылмыштарга катыштыгы бар деп камакка алынган. Интерпол 91 миллион доллардан ашык акчаны уурдагандыгы, 200 миллионго жакын долларды жана 271,6 миң еврону жашыргандыгы, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган 77,4 млн швейцария франкын, 200 миң латвия латын адалдагандыгы үчүн Абдуллаевге эл аралык издөө жарыялаган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.