Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Украина шахтада каза тапкандарга аза күтүүдө

Дүйнө
03 - Март 2017
www.erkintoo.kg
346
Кечээ  Украинанын батышындагы көмүр кенинде жарылуудан сегиз адам каза тапкан. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, Львов облусундагы кырсыктан бир нече кенчи жарадар болгон. Аварияда шахтада 172 жумушчу иштеп жаткан. Кырсык 550 метр тереңдиктеги жер алдында болгон. "Львовуголь" ишканасына таандык "Степной" кени Польша менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Кен 1978-жылы ишке берилген. Жылына 2,4 миллион тонна көмүр казылып алынат.
 Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.