Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Уинстон Черчиллдин сөзүн угушту

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
462
Бүгүн, 13-сентябрда Улуу Британияда Уинстон Черчиллдин сүрөтү түшүрүлгөн 5 фунттук жаңы банкнота жүгүртүүгө киргизилди. Жаңы банкнота британиялык абак системасынын реформатору Элизабет Фрайдын (1780-1845) сүрөтү түшүрүлгөн эски банкнотаны алмаштырат.
Кагаздан эмес синтетикалык материалдардан даярдалуучу жаңы банкнотанын коргоо жөндөмү жогору, пайдалануу мөөнөтү эки эсе узак, ал эми өлчөмү 15%га кичирээк. Англия банкы мындай банкнотадан 440 миллион нуска чыгармакчы.
2017-жылы 10 фунттук, 2020-жылы 20 фунттук ушундай пластикалык банкноталар жүгүртүүгө чыгат.
Пластикалык банкноталардын артыкчылыгы – суудан коркпойт, 90 градустагы ысык суу менен жууса да эч нерсе болбойт. 1940-1945 жана 1951-1955-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган Нобель сыйлыгынын лаулеаты Уинстон Черчиллдин: “Өткөнүн унунткан эл келечегин жоготот” деген сөзүн эске салган Англия Банкынын башчысы Марк Карнинин айтымында, пластикалык банкноттор экологиялык жактан таза. Учурда пластикалык банкноттор дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө колдонулат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.