Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Ухнаагийн Хурэлсух экинчи ирет Монголиянын премьер-министри болуп шайланды

Дүйнө
03 - Июль 2020
Эркин Тоо
138
Монголиянын жаңы парламенти өзүнүн пленардык жыйынында өлкөнүн премьер министри кызматына Ухнагийн Хурэлсухту экинчи ирет шайлады.
“Өкмөт алдыдагы төрт жылда Монголиянын импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айлантуу үчүн болгон күчүн жумшайт” . – деп убада берди Хурэлсух.
 
Ухнаагийн Хурэлсух – буга чейин 2017-жылдын октябрынан 2020-жылдын 24-июнуна чейин Монголяинын өкмөтүн жетектеген. 2000, 2004 жана 2012-жылдары парламенттин депутаттыгына шайланган. 2004-2006-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри, 2006-2008-жылдары инспекция министри, 2014-2015-жылдары жана 2016-2017-жылдары вице-премьер-министр кызматтарында иштеген.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.