Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Учакка ноутбук алып кирүүгө болбойт

Дүйнө
22 - Март 2017
www.erkintoo.kg
384
Мындай чечим АКШ өкмөтү  тарабынан кабыл алынууда. Ага ылайык  25-марттан тарта айрым каттамдардын жүргүнчүлөрүнө учактын бортуна телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салынат. Тиешелүү эскертүү каттары Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Кошмо Штаттарга түз каттамдарды аткарган тогуз авиакомпанияга жөнөтүлдү,-деп жазды Борбордук Азиянын Кабарлар кызматы. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги террорчул топтор жүргүнчү ташыган учактарда теракт уюштуруу үчүн башка ыкмаларды, анын ичинде жарылуучу заттарды техника катары алып кирүү жолдорун пайдалана баштагандыгын билдирди. Башка электрондук жабдыктар менен катар эле учакка ноутбуктар менен планшеттерди да алып кирүүгө чектөө коюлат-,деп жазылат маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.