Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Тутанхамондун баасы

Дүйнө
05 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
69
Лондондогу Christie's аукцион үйүндө Тутанхамондун таш бюсту £4,74 миллионго ($5,97 млн) сатылды. Бирок, Египеттин бийликтери бюсттун сатылышына каршы чыгып, кайтарууну талап кылды деп айтылат аукцион үйүнүн сайтындагы маалыматта.
Египеттин байыркы эстеликтер кызматынын маалыматы боюнча кварциттен чегилген бюст 1970-жылдыры Карнак храмынан уурдалып кеткен. Аукциондук үй сөз болуп жаткан бюст өткөн кылымдын 60-жылдарында принц Вильгельм фон Турн-и-Таксиске таандык болгон, андан кийин Австрия менен Германиянын коллекционерлеринин биринен экинчисине өтүп турган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу