Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Туманган Түндүк Кореяны суу алдына калтырды

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
413
Түндүк Кореянын тарыхындагы эң күчтүү суу каптоолордун айынан 133 адам набыт болду, 395 киши дайынсыз. Табият кырсыгы өлкөнүн түндүк-чыгышында орун алды. Нөшөрлөгөн жамгырлардан кийин Туманган дарыясы ташкындап 35 миң турак үйдү жараксыз абалга алып келди. Бириккен Улуттар Уюму 140 миң адам тез жардамга муктаж деп боолголоп жатат. Бирок, расмий Пхеньян чыгымдардын масштабын ачыкка чыгаргысы жок. Деген менен 1994 жана 1998-жылдардагы суу каптоолор менен кургакчылык Түндүк Кореяда чоң ачарчылыктын себеби болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.