Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Түштүк Кореянын маданият министри камакка алынды

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
408
“РИА Новости” агенттиги 21-январда коррупциялык жаңжалдын айынан Түштүк Кореянын маданият министри Чо Юн Сун отставка кеткендигин жана камакка алынгандыгын маалымдады. Ал президент Пак Кын Хеге каршы пикирдеги маданият жана искусство ишмерлеринин “кара тизмесин” түзгөн деп айыпталууда. Тизмеге 9400 артисттер, музыканттар жана маданият ишмерлери киргизилген.
Чо Юн Сун өлкө тарыхында кызмат учурунда камакка алынган биринчи министр болуп калды. Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында президент Пак Кын Хеге импичмент жарыяланган. Конституциялык сот азыр импичменттин мыйзамдуулугун териштирүүдө. Эгер туура деп тапса, эки ай аралыгында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ал эми президенттин милдетин учурда премьер-министр Хван Ге Ан убактылуу аткарууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.