Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Түштүк Кореяда дагы 2,5 млн үй канаттууларын жоготушат

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
315
Түштүк Кореянын бийлиги өлкөдөгү H5N6   куш  тумоосунун вирусунун таралуусуна жол бербөө  үчүн үй канаттууларын жоготууну улантуу  чечимин  кабыл алышты,  деп айтылат айыл чарба министрлиги таркаткан билдирүүдө.
Бул оорунун жугуусунун биринчи учуру Түштүк Кореяда ноябрдын ортосунда табылган,  ошондон  бери дагы  43 учуру катталган.  Анын  таркап кетишине жол бербөө максатында бүткүл  өлкө  боюнча 10  миллионго жакын тооктор менен  өрдөктөр жок кылынган.
Түштүк Кореянын айыл чарба министрлиги дагы  2,5 млн куштарды жоготуу  планы  бар  экендигин кабарлады.
Бирок, Түштүк Кореяда адамдарга бул тумоонун жуккандыгы катталган эмес.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.