Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

​Түрктөрдүн эли да, жери да суктандырды же Түркия менин көзүм менен

Дүйнө
11 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
166
Аракетке берекет
Түрк элинин кыйынчылыктан чыгууга чоң аракети күч экен. Бир апта бою шаар, айылдарды түрө кыдырып жүрүп, бир да адамдын кол куушуруп олтурганын көрө албадым. Айрыкча эл айыл чарба иштери менен алектенишет экен. Айыл аймактарында теплицаларды көп кезиктиресиң.
Бодрумдан Анталияга жол тартып келе жаткан аймакта балыкчылардын айылын көрдүк. “Ал жерде жашаган жергиликтүү калк мындан ондогон жылдар мурун кедей жашашкан”, – деди бизди коштоп жүргөн Хусейин мырза. Бирок алар деңиз жээктерге кийин ресторан, ашканаларды куруп, олив майына балык кууруп элге сунуштай башташкан. Акырындык менен бул аракет кирешелүү бизнеске айланып, кайыктар менен мыйзамдын чегинде алар балык уулап, кардарларды күтө башташкан. Айтылуу амфитеатр жайгашкан Аспендос шаарында да балыктын түрүн мыкты даярдаган үй-бүлөлүк ашканалар бар экен. Хусейин мырза, көпчүлүк тургундар бул үй-бүлөлүк бизнестин өркүндөшүнө салым кошуу ирээтинде аларга келип кардар болуп турушаарын баса белгиледи. Бул өнүгүүгө болгон мыкты аракет.
 
Илегилектин уясы
Жомоктогудай Бодрумда сапарыбыз карып, Анталияга жол тарттык. Бул эки шаардын ортосунда дагы Милас, Мармарис жана башка өтө кызыктуу шаарлар бар. Биз алгач Милас шаарына токтодук. Бул шаар Түркияда өзүнүн тарыхый жайларын, тилин, маданиятын сактап кала алган бирден-бир шаар. Андагы жашаган эл өтө жөнөкөй келип, дүйнөгө өзүнүн этно колоритти сактап кала алган көчөлөрү менен белгилүү тура. Кызыктуусу бул шаарда илегилектин даңазалуу уясын көрдүк. Ал антикалык доордон бери келе жаткан эстеликтин үстүнө салыныптыр. Уяда илегилек жашайт. Ал эми шаардын тегерек-чекесиндеги көлчөлөрдө алар кадимкидей жайнап жүрүшөт. Кыскасын айтканда, Мармарис илегилектин мекени экен.
 
Токой
Мен Түркияда токойдун жыш болорун элестеткен да эмесмин. Чынын айтсам, жолдо жүргөн 8 сааттын 7 саатын токой аралап жүрдүк. Кылым карыткан арчалар, кайыңдар аймакта өтө эле көп экен. Андан тышкары олив дарагынын плантациялары да жыш. Мугла аймагынын Маданият жана туризм мекемесинин мүдүрү Зекерия Билгөл мырза Мугла аймагы токойлору менен мактана ала тургандыгын биз менен болгон жолугушуусунда кенен айтып берди. Анын айтымында, Бодрум, Мармарис, Милас шаарлары негизинен Мугла аймагына кирип, токой анын 70 пайыздан ашык аянтын ээлеп турат. Андыктан токойлорду сактоо мүдүрлүктүн негизги вазийпасы. Аймакта бир гана көйгөйлүү маселе бар - ал токойду өрттөн сактоо. Эгер өрт чыкса, аны сактап калуу маселеси кыйынчылык жаратат. Ошондуктан муглалыктар токойду тартипсиз жарандардан кайтарышат. Өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган өзү бул маселени колго алып, көзөмөл кылат.
 
Плантациялар
Олив майы, лимон, анар, жүзүм, мандарин, помидор, бадыраң Мугла аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрү болуп эсептелет. Ар бир үйдө бул өсүмдүктөр өстүрүлөт жана сатыкка чыгат. Түркияда бул азыктар аябай эле арзан. Мисалы, лимон, мандарин, апельсиндин 1 килосу плантацияларда, базарда биздин баа менен 50 сом. Лимон, мандаринди жергиликтүү тургундар жашыл кезинде эле үзүп алып, сатыкка чыгарышат. Алар дүйнө базарларына жеткенче сары түскө боёлот.
 
Кактус
Биз Анталиянын “Акра” деген беш жылдыздуу отелине келип жайгаштык. Кооздугу айтып бүткүс. Аны көрүп, журналист катары социалдык тармактарда бул отелдеги көркөм кооздуктарды сүрөткө тартып сала баштагам. Отелдин атын хештег менен интернетте да белгилеп жаттым. Отелден кетээр күнү бөлмөмө кирсем, столдун үстүндө менин атыма жазылган кат жана чөйчөккө отургузулган кактус жана момпосуй туруптур. "Акра" отели бул кактусту менин интернетке жүктөгөн сүрөттөрүм үчүн урматтап жөнөтүптүр. Алар менин кайсы бөлмөдө жашаганымды изилдеп, ошондой урмат көрсөтүүнү чечкени мени таң калтырды. Муну туризм тармагын өнүктүрүүгө болгон дагы бир кадам жана көңүл деп кабыл алдым. Албетте, белекти Кыргызстанга алып кете аламбы деген ой келди. Анткени Түркиядан өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн, таштарды алып чыкканга тыюу салынган. Бирок, кактусту чек арадан тоскоолдуксуз алып өтүп, Кыргызстанга ала келдим.
 
Аспендос шаары
Дүйнөдө бузулбай сакталып калган амфитеатрлардын бири Аспендос шаарында жайгашкан. Анын аянты чоң. Убагында бул театрга 20000 адам сыйган. 39 тепкичтин узундугу 96 метрге жетет. Ал эми тепкичтердин ортосунда жарым метрден аралык бар. Акустикасы укмуш. Жогорудан сүйлөсөң ылдыйга жөн эле угулат.
Аспендос шаары биздин эрага чейин V кылымда негизделген. Троя согушунан кийин негизделген делген бул шаар кийин Александр Македонскийдин башкаруусуна өткөн. Андан кийин гректердин бир нече падышалары башкарган. II кылымда гана римдиктер басып алышып, шаар гүлдөй баштаган. Амфитеатрдын курулушу так ушул мезгилге туш келет. VII кылымда бул аймакка арабдардын чабуулу башталат. XIII кылымда селджуктар басып алган. Шаардагы амфитеатр так ошол селджуктар тарабынан оңдолуп-түзөөдөн өткөн. Ушул эле Аспендос шаарынын жанынан жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыздап турган чоң суу каналы болгон. Ал канал шаарга тоодон суу алып келип турган. Бийиктиги 14 метр. Бул каналдын үстүнөн келген суу укмуштуудай архитектуралык табылгалар менен курулгандыктан, бүт шаарга суу жетип турган.
 
Тазалыкты сактаган Перге
 
Аспендос шаарындай эле тагдырды башынан кечирген, уламыштарга ылайык Троя согушунан кийин негизделген антикалык Перге шаары Анталия шаарынан 18 км алыстыкта жайгашкан. Биздин эрага чейинки XIII кылымда негизделген шаарда биринчи грек эмигранттары жашаган делет. Биздин эрага чейинки 334-жылы бул шаар перстердин башкаруусунда болгон. Б.э.ч 188-жылы Перге римдиктерге өтөт. Биздин эранын V–VI кылымдарында шаар гүлдөгөн абалда болгон. Ал эми VIII кылымда ал арабдардын согуштук аракеттеринин натыйжасында бузулуп, кыйраган абалга келген.
Ушундай көп кылымдык тарыхы бар бул шаар чындыгында дүйнөдөгү тарыхты көз алдыңа элестеткен бирден-бир антикалык калаа. Анын ичинде байыркы базар, чиркөө, стадион, шаардын ортосунан өткөн суу каналы жана шаардын кире беришиндеги чоң мончо бар. Бул мончо байыркы кылымдарда жоокерлер жана шаар коноктору үчүн курулган экен. Биздин эрага чейинки кылымдарда жашаган элдердин тазалыкка көңүл бурганын караңызчы. Ошол өткөн замандарда эле бул шаарга эч ким мончого жуунмайын киргизилчү эмес экен.
Бул аймак түрк археологдору тарабынан 1946-жылдан бери изилденип келет. Анын бай тарыхы ушул күнгө чейин такталып, казылып бүтпөйт.
Негизи эле Алтын доорду баштан кечирген, көп кылымдар бою өнүгүү жолунда гана келе жаткан Түркия тууралуу көп сөз кылса болот. Биз бул сапарда беш гана шаарда болуп, тарыхый жерлерди, элдин маданиятын көрө алдык. Башкысы, Түркия пандемия шартында да туристтерге мыкты шарт түзүп, коопсуз туризм багытында мыкты иш алып бара жатыптыр. Ийгилик сага, Түркия!
                                                             
Жазгүл Кенжетаева
Бишкек–Стамбул–Бодрум–Милас–Мармарис–Анталия–Стамбул–Бишкек
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.