Курс НБ на 21.10.2019 $69,8031 €77,6699

Түркмөнстанда дары-дармек кымбаттады

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
349
Быйыл жыл башынан бери Ашхабадда дары-дармек эки эсеге өсүп, мамлекеттик дарыканаларда тартыштык пайда болгон. Ошол эле маалда 2017-жыл Түркмөнстанда ден соолук жылы деп жарыяланган.
Жыл жаңыргандан бери дары-дармектин наркы 80 пайыздан 120 пайызга чейин кымбаттады. Жеке булактар кабарлагандай, баа жеке дарыканаларда гана көтөрүлдү. Өзгөчө бөйрөк жана кант диабети сыяктуу оорулар үчүн колдонулуучу дарылар жана инъекциялар кымбаттоодо. Жеке аптекалардын ээлери баалардын көтөрүлүшүнүн себебин валютаны конвертациялоого тыюу салынышы менен түшүндүрүшүүдө. Алардын айтымында, дээрлик бардык дары-дармектер чет өлкөдөн алынып келинет. Доллар кымбаттагандан бери препараттардын баасы дагы жогорулаган. Бир жыл аралыгында манат долларга карата эки эсеге кунун жоготкону белгиленип келет.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.