Курс НБ на 22.09.2020 $79,2643 €93,0682

Түркмөнстанда чылым чеккендерге жаза күчөтүлдү

Дүйнө
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
398
Түркмөнстанда коомдук жайда чылым чеккендер 300 манаттан айыппул төлөшүүдө. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалыматына караганда, айрым жашоочулар айыппулдун жогорулаганын, административдик жазага тартылышкандан  кийин  гана билишкен. Бул тууралуу Түркмөнстан бийлиги жана мамлекеттик ММКлар  элге маалымат тараткан эмес.  Ал эми шаар тургундары Ашхабаддын айрым коомдук жайларында чылым чегүүгө тыюу салган белгилер орнотулбаганын айтышууда.  Өлкөдө коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам 2000-жылы күчүнө кирген.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.