Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Түркмөн парламенти “Президенттин жетекчилиги алдында иштөөсүн улантат”

Дүйнө
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
46
Түркмөнстандын парламентинин төрайымы Гүлшат Маммедова 7-февралда Президент Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушууда депутаттардын атынан жалгыз өзү сөз айтууга батынды.
“Урматтуу Аркадаг!
Сиз депутаттар менен жолугушууга алтындай кымбат убактыңызды бөлүп, бизге кеңештериңизди айтып, мыйзам чыгаруу ишиндеги милдеттерибизди аныктап бердиңиз. Бул биз үчүн улуу жол! Бул үчүн Сизге чын жүрөктөн ыраазылык билдирүүгө уруксат этиңиз!
Сиздин чаалыкпаган жетекчилигиңиздин алдында биздин эгемендүү өлкөбүз жаңы бийиктиктиерге жетишти. Элибиз сиздин кеменгер жетекчилигиңиздин аркасы менен нагыз бакубат турмушка жетишти. Бүгүнкү Сиздин терең мазмундуу сөздөрүңүз дагы бир жолу эл жөнүндө, ар бир жаран жөнүндө жана ар бир куттуу очок жөнүндө кам көрөрүңүзду далилдеди” -деп сүйлөгөндүгүн “Хроника Туркменистана “ басылмасы билдирди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу