Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Түркиянын Ван аймагында жардыруу болду

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
625
Кечээ Түркиянын  Ван аймагында автоунаа жардырылып  27 киши жабыркап, экөөнүн абалы оор туурасында маалымат тарады.  Түркиялык басылмалардын
маалыматында, провинциянын администрациясынын жанынан автоунаа жардырылган. Ал жакка жакын  Адилет жана Өнүгүү партиясынын аймактык бөлүмү жайгашкан. Жарылуудан жакын  жайгашкан үйлөрдүн айнектери сынып, дубалдарынан жарака кеткен. Бийлик жардырууну Күрдстан жумушчу партиясы жасады деп билдирүүдө.

Түркия бийлиги ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясын өлкө ичиндеги көптөгөн терактыларды уюштурган деп айыптап келет. 2015-жылы аталган партия менен кагылышууда  700 аскер жана милиция кызматкерлери каза тапкан. Ал эми өлкө бийлиги бүгүнкү күнгө чейин 6000ден
ашуун козголоңчуну жок кылган.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.