Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Түркиянын Антальясында Мардан Палас таланып-тонолууда

Дүйнө
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
43
Москвадагы Черкизов базарынын мурдагы кожоюну, учурда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланган ишкер Тельман Исраилов 2009-жылы курдурган Түркиянын Анталья курортундагы Mardan Palace мейманканасын белгисиз адамдар тоноп жатышкандыгын туркиялык Миллиет гезитине шилтеме жасаган РИА Новости агенттиги маалымдады.
“Жети жылдыздуу” Mardan Palace мейманканасы 1,4 миллиард долларга курулуп, анын ачылышына актерлор Ричард Гир, Шэрон Стоун, Моника Беллуччи жана башка атактуулар катышкан. Учурда Mardan Palace 130 миллион долларга сатып алган түркиялык Halkbankтын менчигинде.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу