
Курс НБ на 26.02.2021 $84,7500 €102,9628

Түркиядагы жаракат алгандар 1027ге жетти
Түркиядагы жер титирөөдөн 110 адам каза болуп, 1027 адам жаракат алды. Бул туурасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган маалымат жыйында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды. Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батыш тарабында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөөнүн күчү Грециянын аралдарында да сезилип сейсмологдор 6,9 балл деп белгилешкен.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек