Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Түркияда сүйүктүүсүн көрүү үчүн чач тарачка хиджабчан барган "террорчу" кармалды

Дүйнө
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
419
 Аталган жигиттин хиджабчан чач тарачка кирип баруусу заматта ызы-чуу чыгарган. Анткени оронгон адам эркек экендигин көргөн кызматкер дароо полицияга террорчу жүрөт деген маалымат берген. Түркиялык жигит сүйүктүүсүнө жолугуу үчүн хиджаб кийип чач тарачка барган. Бул тууралуу РИА Новости Haberturk телеканалына таянуу менен жазып чыкты.   Маалыматка ылайык, аталган жигиттин хиджабчан чач тарачка кирип баруусу заматта ызы-чуу чыгарган. Анткени оронгон адам эркек экендигин көргөн кызматкер куралчан террорист жүрөт деген маалымат тараткан.  "Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аны кармай алган эмес. Кийинчерээк видео байкоонун жардамы менен колго түшүргөндө ал сүйүктүү кызына жолукканы келгендигин, үйлөнгүчө жолугууга тыюу салынгандыктан айла жок кыздардын чач тарачына жоолук оронуп келгенин айткан",-деп жазылат маалыматта.

Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.