Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Түркияда өлүм жазасы киргизилет

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
406
Түркиянын парламенти президенттик башкарууга өтүү боюнча конституцияга өзгөртүүлөрдү 339 добуш менен колдоду. Бирок, референдум өткөрүүгө туура келет.
ТАССтын маалыматы боюнча парламент тиешелүү мыйзам долбооруна 21-январда добуш берди. 488 депутаттын 339у макул болду. Эми ага президент кол коёт жана референдум өткөрүлөт. Премьер-министр Банил Йылдырым: “Акыркы чечимди Түркиянын эли кабыл алат”, - деп айтты.
Түркиянын мыйзамдарына ылайык, 367 депутаттан азыраак добуш алган демилгелер референдумга коюлат. Референдум апрель айында же жайында өтүшү мүмкүн.
Негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин укуктары кеңейтилет. Президент Өкмөттү өзү башкарышы мүмкүн же премьерди парламенттин макулдугусуз эле жеке өзү дайындай алат. Куралдуу күчтөр жана атайын кызматтар президентке баш ийдирилет. Өлкөдө өлүм жазасы киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 550дөн 600гө жеткирилет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.