Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​Түркияда кээ бир соцтармактар айыпка жыгылды

Дүйнө
05 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
77
Анкара «Facebook», «Instagram», «Twitter», «Periscope», «YouTube» жана «TikTok» сыяктуу социалдык тармактарга белгиленген мөөнөттө Түркиядагы жергиликтүү өкүлүнүн атын атабаганы үчүн бул платформаларга 10 миллион лирадан (бир миллион 200 миң доллардын тегерегинде) айып пул салды. Бул туурасында өлкөнүн транспорт жана инфратүзүм министринин орун басары Өмер Фатих Саян кабарлады. Мындай чечим  түрк бийлиги кабыл алган мыйзамга баш ийбегендиктен кабыл алынганын билдирген. 29-июлда парламент «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.