Курс НБ на 20.07.2019 $69,6517 €78,3651

​Түркия Кыргызстандын армиясы үчүн Аскердик институт куруп берет

Дүйнө
24 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
41
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы аскердик-коргонууга тиешеси бар маселлерди талкуулады. Элчи К.Өмүралиев Аскердик институт куруу боюнча мурдагы макулдашууларды эске салды жана кыргыз тарап ал үчүн жер бөлүнгөндүгүн, эми курулушту тездетүү керектигин билдирди. Министр Х.Акар долбоор сөзсүз ишке ашырылат деди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу