Курс НБ на 15.12.2018 $69,8381 €78,8821

Түркия каттамына үч жолу киргизилбеген жаран асынып алды

Дүйнө
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
61

Ашхабад аэропортунда Түркияга уча турган каттамга үч жолу киргизилбеген Дашөгүздүн жашоочусу асынып алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирген.

«Дашөгүз облусунун Акдепе районунун жашоочусу үч жолу Түркияга учууга аракет кылып, бирок үч жолу тең уча алган эмес. Анын сыртка чыгуусуна эч качан уруксат берилбестиги айтылгандан кийин, ал үйүнүн жанындагы бакка асынып алган», — деп жазылган.

«Азаттыкка» эми гана белгилүү болгон бул окуя апрелдин экинчи жарымында болгон. Маркумдун жакын туугандарынын айтымдарында, анын мындай кадамга барышына Түркияга баруу үчүн карызга алган акчасын кайтарып бере албай калгандыгы себеп болгон.

«Материалдык абалы начар болгондуктан ал балдарын тамак-аш менен камсыз кылып, мектепке керектүү нерселерди сатып бере алган эмес. Үстөк пайызы менен көп карыз алган. Түркияга баруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап койгон. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан жок. Карыздарынан кутула албай калгандыктан, өз жанын кыйды», — деп билдиришти туугандары.

Алардын айтымдарында, ал өлүм алдында жумушсуздуктан жана жакырчылыктан тажагандыгы тууралуу кат жазып калтырган.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.