Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Түрк бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
383
Алар июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыпталып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Камакка алуулар Конья шаарындагы авиабазада жүргүзүлүүдө. ММКлар билдиргендей, алардын ичинен 45и кармалды, 28 издөөдө жүрөт. Бул адамдардын баарында офицердик наам бар: эки полковник жана 71 лейтенант. Бул июль төңкөрүшүнө байланыштуу өтүп жаткан камоолордун үчүнчү толкуну. Өткөн жумада ушул эле базада 99 аскер камалган. Беш айдан бери 35 миң киши, негизинен аскер кызматкерлери камакка алынды. Он миңдеген адамдар кызматтарынан четтетилди.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.