Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

“Түрк агымына” жол ачылды

Дүйнө
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
361
Президент Режеп Тайип Эрдоган “Түрк агымы” газ түтүгү боюнча Түркия парламенти жактырган Орусия менен келишим жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Президенттин чечими бүгүн Resmi Gazete расмий басылмасына жарыяланып, күчүнө кирди. Эске салсак, “Түрк агымы” долбоору боюнча келишимге 10-октябрда кол коюлган. Ага ылайык, Кара деңиздин таманы аркылуу Түркиянын карай ар биринин кубаттуулугу жылына 15,75 млрд кубометр газ өткөрүүгө эсептелген эки газ түтүгү тартылат. Алардын бири Түркия үчүн, экинчиси европалык өлкөлөргө жаратылыш газын жеткирет.
Ал эми бүгүн, 6-декабрда Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым премьер-министр Дмитрий Медведевдин чакыруусу боюнча эки күндүк сапар менен Орусияга келет.
Сүйлөшүүлөр экономикалык кызматташуу жана өз ара мамилелерди калыбына келтирүүгө арналат деп билдирет “Анадолу” агенттиги.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.