Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

​“Түрк агымы” ишке кирди

Дүйнө
09 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
143
8-январда Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Тайип Эрдогандын катышуусунда Стамбулда “Түрк агымы” газ кууру расмий ишке берилди. Бул салтанаттуу иш-чарага Сербиянын президенти Александр Вучич жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов да катышты. “Түрк агымы” – акыркы мезгилдеги россиялык-түркиялык биргелешкен энергетикалык ири долбоор болуп саналат. Эки бутактан турган газ куурунун ар бири жылына 15,75 млрд кубометр газ өткөрүүгө жөндөмдүү. Алардын бири түркиялык керектөөчүлөрдү камсыздаса, экинчиси Түштүк жана Чыгыш Европа өлкөлөлөрүнө россиялык газды жеткирет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.