Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Трамптын командасынын жалпы байлыгы 6 млрд доллардан ашат

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
415
“Форбс” журналы АКШ президенти Дональд Трамптын командасында негизги кызматты ээлеген жогорку даражалуу жетекчилердин жалпы байлыгы 6 миллиард доллардан ашаарын эсептеп чыкты деп маалымдады РБК агенттиги. Трамптын командасы канча турат? Чогуу көз чаптырып көрөлү.
Уилбур Росс. 79 жаштагы инвестор, банкир жана антикризистик башкаруу боюнча адис, “банкроттоштуруунун королу” деген атка конгон. 2,5 млрд доллар байлыгы бар.
Винсент Виола. Дүйнөдөгү жогорку технологиялуу ири трейдинг компаниялардын бири Virtu Financial компаниясынын негиздөөчүсү жана “Флорида Пантерз” хоккей клубунун кожоюну. Байлыгы 1,79 млрд доллар.
Линда МакМэхон. Ишкер. 1979-жылы дүйнөдөгү эң ири WWE рестлинг федерациясын негиздеген. Байлыгы 1,6 млрд доллар. Трамптын администрациясында чакан бизнес үчун жооп берет.
 Бетси де Вос. Филантроп, Amway косметикалык фирмасынын негиздөөчүсү Ричард Девостун болочок жубайы. Байлыгы 1 млрд долларга жакын.
 
Рекс Тиллерсон. ЭксонМобилдин экс-президенти. Мамлекеттик кызматта иштөө үчүн компаниядагы эң сонун жумушун таштады. Байлыгы 325 млн долларга жакын.
Стивен Мнучин. Инвестор жана Голдман Сакс банкынын мурдагы топ менеджери. Байлыгы — 300 млн доллар.
Эндрю Паздер. Ресторан индустриясындагы байлардын бири. CKE Restaurants компаниясынын кожоюну. Байлыгы — 45 млн доллар.
Бен Карсон. Нейрохирург, Трамптын жакын досу. Дүйнөдө биринчи жолу кежигелери биригип калган сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Байлыгы — 29 млн доллар. Медицинадагы ийгиликтери үчүн АКШнын жогорку сыйлыктарынын бири – Эркиндик медалы менен сыйланган.
Элейн Чао. Буштүн тушунда эмгек министри болуп иштеген. Атасы кеме куруу боюнча магнат, Foremost Group компаниясынын негиздөөчүсү. Чао бир нече компаниялардын директорлор кеңешине мүчө – алардын бири Wells Fargo банкы. Үй-бүлөсүнүн байлыгы - 24 млн доллар.
Том Прайс. Хирург-ортопед. Джорджия штатынан конгессмен. Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларына каршы чыккан. Байлыгы — 10 млн доллар.
Джефф Сешнс. Алабама штатынан сенатор. Штаттын Түштүк округунда прокурор болуп иштеген. Сешнс мигранттарга каршы чара көрүү боюнча позициясы менен белгилүү. Байлыгы — 6 млн доллар.
Джеймс Мэттис. Деңиз жөө аскерлеринин 66 жаштагы генералы. “Кутурган ит” жана “Кечил жоокер” деген атка конгон. Эч качан үйлөнгөн эмес. General Dynamics Corporation аскердик өнөр-жай компаниясынын директорлор кеңешинин курамында турат. Байлыгы — 5 млн доллар.
Джон Келли. Деңиз аскерлеринин отставкадагы генералы -  армияда 40 жыл кызмат өтөгөн. Ирактагы согушка катышкан. Байлыгы — 4 млн доллар.
Рик Перри. Техастын мурдагы губернатору. Курулуш техникаларын чыгаруучу Caterpillar компаниясынын кеңешчиси. 2012 жана 2016-жылдагы президенттик шайлоолордо талапкерлигин көрсөткөн. Бир нече мунай жана газ компанияларында үлүштөрү бар. Байлыгы — 2 млн доллар.
Майк Пенс. Индиана штатынын губернатору. Оңолгус консерватор репутациясына ээ. Бир жыныстуу никелерге жана абортторго каршы. Байлыгы — 2 млн доллар.
Райан Зинке. Монтана штатынан конгрессмен. АКШнын Аскер Деңиз Күчтөрүндө атайын бөлүктө кызмат өтөгөн. Байлыгы — 800 миң доллар.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.