Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Трамп Венесуэла бийликтеринин АКШдагы активдерин камакка алдырды

Дүйнө
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
28
Чектөө салынган активдердин арасында PDVSA мунай компаниясынын мүлктөрү да бар. АКШ президенти Дональд Трамп америкалык юрисдикцияда турган Венесуэла өкмөтүнүн бардык активдерин толугу менен камакка алуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Каракас эми АКШнын аймагындагы өзүнүн бир дагы мүлкү менен операцияларды жүргүзө албайт. Ак үй өкүлдөрү Вашингтон мына ушундай жол менен өзүн убактылуу президент деп жарыялаган жана “расмий бийликтер кызматты ээлөөгө тоскоолдук кылып жаткан” Хуан Гуайдого жардамдашууга аракет жасоодо деп билдиришүүдө. Эске салсак, Венесуэладагы саясий кризис 2019-жылдын январь айынын орто ченинен бери уланууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу