Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Трамп убадасын аткарды

Дүйнө
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
320
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШнын Тынч океан соода өнөктоштүгунөн чыгуусу жөнүндөгү жарлыкка кол койду деп маалымдады “Рейтер” аганттиги.
Бул өнөктөштүк 2016-жылдын 4-февралында түзүлүп, ага 12 өлкө - АКШ, Япония, Малайзия, Вьетнам, Сингапур, Бруней, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, Мексика, Чили жана Перу кошулган болчу. Аны уюштуруучулардын планы боюнча өнөктөштүк дүйнолүк ИДПнын 40%ын өзүнө камтымак. Келишим кучунө кириши үчүн аны өнөктөштүккө кошулган 8 өлкө ратификациялашы керек.
Трамп аталган өнөктөштүктөн чыгууну шайлоо алдында америкалыктарга бир нече жолу убада кылган. Ал сөзүнө турду.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.