Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Трамп Сауд Аравияга расмий сапар жасашы мүмкүн

Дүйнө
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
366
АКШ президенти Дональд Трамп Европа сапарынын алкагында Сауд Аравияга да барып калышы мүмкүн. Бул тууралуу жеке булактарына таянып, Reuters агенттиги жазды. Учурда Трамптын мусулман өлкөсүнө боло турчу сапары үстүндө иштер алып барылууда. Мурдараак, The New York Times басылмасы Трамп президенттигинин баштапкы айларында тышкы сапарларга чыкпаганын сындап, аны «үйгө камалган» деп атаган. Басылма буга чейинки президенттер жаңы шайланган баштапкы айларын чет эл сапарлары үчүн колдонуп, аны натыйжалуу пайдаланышкан деп кошумчалаган эле. Трамптын болжолдонуп жаткан Европа жана Сауд Аравия сапары анын АКШ президенти катары алгачкы турнеси болот.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.