Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Трамп Меркелдин миграциялык саясатын “катастрофалык катачылык” деп атады

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
350
2015-жылы Германиянын аймагына Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 890 миң мигрант келип баш калкалаган. Ал эми 2016-жылдын 11 айында 301 миң мигранттын киргендиги катталган. Немис коомчулугун канцлер Меркелдин учурдагы миграциялык саясаты кооптондурууда.
Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Times жана Bild гезиттерине берген маегинде Ангела Меркелдин миграциялык саясатын “катастрофалдык катачылык” деп атады.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.