Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Түндүк Америка менен Евразия бири-биринен алыстап жатат

Дүйнө
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1050
Түндүк Америка менен Евразия жылдар өткөн сайын бири-биринен алыстап жатканын Орусиянын Илимдер академиясынын окумуштуулары айтып чыгышкан. Бул тууралуу "PlanetToday" басылмасы кечээ жазып чыкты.  Мындай жыйынтыкты окумуштуулар бир нече астрономиялык мекемелерден алынган сүрөттөрдү изилдеген соң чыгарышкан. Алар сүрөттөрдү салыштырып, тектоникалык плиталардын жылганы Түндүк Америка менен Евразиянын аралыгын жыл сайын 2-3 сантиметрге алыстатып жатканын билишкен. Мындан сырткары, изилдөөчүлөр Африка менен Евразия жыл сайын болжол менен 2 сантиметрге жакындашып жатканын байкашкан. Бул кадимки эле көрүнүш. Меркурий планеталарында  да ушундай көрүнүш болот.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.