
Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Тик учак уйдун мүйүзүнө урунуп күйүп кетти
Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Австралиялык фермерлер бул тик учактарды бодо жана майда малдарды кайтарууга, аларга бийиктен көз жүгүртүп туруу максатында колдонушат. Маалыматка ылайык, эки адамга ылайыкташкан Robinson R22 үлгүсүндөгү тик учак талаага жайылып жүргөн уйлардын үстүнөн учуп баратып бир уйдун мүйүзүнө тийип, башкаруусун жоготкон. Натыйжада кулап түшкөн учак толугу менен күйүп кеткен. Алэми учкуч өз убагында учактан чыгып кетүүгө үлгүрүп аман калган. Уй дагы эч кандай зыян тарткан эмес.
Самара Капарова
Самара Капарова
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек