Курс НБ на 23.04.2018 $68,4712 €83,8019

Тажикстанда жамааттык коопсуздук күчтөрдүн аскердик машыгуулары башталды

Дүйнө
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
74
Бүгүн, 14-ноябрда Тажикстанда ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн терроризмге каршы күрөшүү боюнча “Күжүрмөн бир туугандык 2017” деген аталыштагы аскердик машыгуулары башталды жана алар 20-ноябрга чейин созулат деп маалымдады РИА Новости.
5000ден ашык жоокер, 60 самолет жана вертолет, 1,5 миңден ашык аскердик техникалар, ошондой эле “Искандер” ракеталык комплекстери катышуучу маневрлар коргонуу мүнөзүндө болот. Максаты – Борбор Азия аймагында жамааттык коопсуздук камсыздоо боюнча аскерлердин даярдыгын текшерүү. Машыгуулар Афганистандын чек арасына жакын жайгашкан Тажикстандын 5 полигонунда өтөт. Канттагы россиялык авиабазанын алты бомбалоочу Су-25СМ самолету да абадан сокку урууларга катышат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.