Курс НБ на 19.09.2017 $68,4643 €82,0613

Тажикстанда президент Э.Рахмонду узатуу учурунда аэропорттун жетекчиси каза болду

Дүйнө
14 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
18
Бул тууралуу тажикстандык ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, 60 жаштагы Дилдор Максудшоев президенттин тик учагы уча баштаган учурда килемдин үстүндө турган. Тик учактын чамбиреги катуу айланган учурдагы шамалдан улам Д.Максудшоев турган килем оодарылып кеткен. Килем шамалдын күүсү менен жакын турган ташка тийген. Дилдор Максудшоев оор жаракат алып, ооруканага бара жаткан учурда каза болду. Укук коргоо органдары окуяны кокустук катары баалап жатышат.
Борбор Азиянын мамлекеттеринде жогорку кызматтардагы адамдарды тосуп алууда, узатууда бут алдына килем төшөө көрүнүшү бекем сакталган.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу