Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Тажикстанда милицияга арыктоо талабы коюлууда

Дүйнө
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
344
Тажикстандын Ички иштер министрлиги кызматкерлеринен ашыкча салмактан арылуусун талап кылууда. Тажик ИИМнин маалыматына караганда,  саламаттык жана чымыр дене милицияда иштөөнүн негизги талаптары болуп эсептелет. Райондук ИИБда иштеген Саидахмат Исмаиловдун маалыматына караганда, милиция кызматкерлери  атайын аттестациядан өтүшөт. Мындай маалымат бир ай мурун ички иштер бөлүмдөрүнө жиберилген. Талапка ылайык, милиция кызматкеринин боюнун узундугу 168-170 сантиметр болсо, салмагы 75 килограмм болушу керек. Ал эми бою кыска, курсагы чоң  кызматкерлер  бош учурунда  спорт менен машыгуусу сунушталган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.