Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Тажикстанда доллар кескин кымбаттады

Дүйнө
05 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
121
Тажикстанда доллардын баасы улуттук валюта болгон сомониге карата кескин кымбаттады. Аталган мамлекеттин расмий бийлиги 1 долларды 11,30 сомониге баалап жатат. Тажикстандын Улуттук банкы канча аракет кылганы менен АКШнын акчасын ооздукта албай турат.
Ал ортодо азык-түлүктүн баалары кымбаттай баштаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жаза баштады. Анын үстүнө буга чейин АКШ долларынын баасы мынчалык кымбаттаган эмес эле. Мындай көрүнүш Тажикстандагы экономисттерди да чочутуп жатканы белгилүү болду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.