Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Тажикстанда балдар сүннөткө отургузуу алдында ВИЧке текшерилет

Дүйнө
09 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
181
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги балдарды сүннөткө отургузуу – “хатна” ырымын жасоо алдында ВИЧ-инфекцияга текшертүү жөнүндө чечим кабыл алды. “Хатна” алдындагы экспресс-тест акысыз жүргүзүлөт.
Министрликтин маалыматы боюнча өткөн жылы өлкөдө балдар арасында ВИЧ-инфекциясын жуктурган 130 жаңы учур катталган. Алардын 82си - балдар, 48и - кыздар. Учурда Тажикстанда ВИЧ менен жашаган 800гө жакын бала бар. Ал эми расмий маалыматтар боюнча ВИЧ алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны 10,7 миң адам болсо, 7 миңин эркектер түзөт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.