Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

Тажикстан үч жылдан кийин энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет

Дүйнө
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
466
 Президент Эмомали Рахмон өлкө парламентине жасаган кайрылуусунда ушундай деп айтты. Ал үчүн Өкмөт болгон күч аракетин жумшоосу зарыл.
Айтымында, учурда өлкөдө жалпы суммасы 1,2 млрд долларды түзгөн 11 энергетикалык долбоор жүзөгө ашырылууда. Мунун ичинен 140 млн долларга Сарбанд ГЭСи реконструкцияланууда. 2017-жылы 380 млн долларга Нурек ГЭСин модернизациялоо, 76 млн долларга Кайраккум ГЭСин куруу башталат. Быйыл Рогун ГЭСин куруу үчүн Вахш дарыясы буулду. Аталган ГЭСтин биринчи агрегаты 2018-жылы ишке киргизилет. Быйыл Рогун ГЭСиндеги жумуштарга 355 млн доллар сарпталды. ГЭСти бүткөрүүгө бардыгы болуп 1,5 млрд доллар жумшалат. Рахмондун маалыматына караганда эгемендүүлүктүн 25 жылында энергетикалык долбоорлорго жалпысынын 4,5 млрд доллар коротулган. Эл арлык уюмдардын берген баасына ылайык Тажикстан экологиялык таза электр энергиясын өндүргөн дүйнөдөгү 6 өлкөнүн катарына кирет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.