Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Тажикстан 2018-жылы $645 млн чет элдик инвестиция тартты

Дүйнө
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
51
Чет элдик инвесторлор 2018-жылы Тажикстандын экономикасына 645 миллион доллар инвестиция салышты жана алардын жарымынан көбү тикелей инвестициялар болуп эсептелет деп билдирди “Азия Плюс”. Аталган сумма тажик валютасына которгондо 6,1 млрд сомони болот. Учурда республикада жалпы суммасы $3,23 млрдды түзгөн 69 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Тажикстандын өкмөтү жакынкы үч жылда жалпы $777 млнго жакын инвестиция тартууга ниеттенүүдө. Атап айтсак, 2019-жылы - $261,8 млн, 2020-жылы - $255,9 млн жана 2021-жылы - $258,6 млн тартуу пландалган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу